НТСти сотко бергендер өздөрү мыйзам бузбуду? (видео)

1416

7-апрель элдик революциясына, мурдагы жана учурдагы өлкө башчылардын кадыр баркына шек келтирилди. Бул боюнча дасыккан юристтер менен Жогорку Кеңештин депутаттары билдиришүүдө. Алар «Грекстон Капитал» компаниясы тарабынан сотко берилген арызды терең изилдеп, анын мазмуну бир нече мыйзамдарга каршы келээрин аныкташкан. Алсак, оффшордук аймакта каттоого алынган компаниянын доо арызында өлкөдөгү массалык башаламандыктан улам, убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары, мурдагы президент мамлекетти жетектеп калгандыктан учурунда сотко кайрыла албай жүргөнүн жүйөө катары жазган. Бул үчүн арыз ээсин жоопкерчиликке тартууга толук негиз бар, дешет юристтер.