НТСтин юристи доочуларга каршы арыз берет (видео)

753

НТС телеканалынын юристтери «Грэкстон Кэпитал» компаниясы берген доо арыздан бир катар олуттуу каталарды таап чыкты. Документтер толук изилденип бүткөн соң, НТСтин жактоочулары арыз берүүчүлөрдүн өздөрүнө каршы арыз бермей болушууда. Бул үчүн убакыт бар, дейт НТС телеканалынын юристи. Ал эми НТСте иш кадимки тартипте уланууда. Каналдын жетекчилиги кыйын кырдаалда маалыматтык жана моралдык колдоо көрсөткөн баардык кесиптештерге ыраазычылык билдирди.