НТСтин журналисттери абройлуу сыйлык алышты (видео)

1258

Алгачкы жолку өткөрүлгөн индустриалдык форум жана 10 жыл ичинде биринчи ирет берилген «Умтулуу» сыйлыгы. Бишкекте эки күн бою «Медио топтоо: өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөр» аттуу иш-чара болду. Жыйын адистик байланышты жана тажырыйба алмашуу аянтчасын түзүү максатында уюштурулду. Масстер — классты чет элден келген адис жана эксперттер өткөрүштү. Форумга өлкөнүн аймактарынан да журналисттер чакырылды. Ошондой эле, иш чаранын соңунда массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери ортосунда уюштурулган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, «Умтулуу» сыйлыгы тапшырылды. Адамдардын ар кандай тагдыры жана коомдогу көйгөйлүү маселелер чагылдырылган материалдардын ичинен мыктылары тандалып алынган. НТС телеканалынын журналисттери дагы мындай абройлуу сыйлыкка ээ болушту.