НТСтин журналисттери Кара-Сууда коркутууга кабылды (видео)

2651

Кара-Суу шаардык кеңешинин шайлоосун чагылдырууга барган НТС каналынын жергиликтүү кабарчылары коркутууга туш болду. Журналист Гүлжан Алтымышбаеванын билдиришинче, шайлоо тилкесинин жанындагы белгисиз адамдар каналдын операторунун ишине тоскоолук кылып, тартылган тасманы өчүртүүгө аракет кылышкан.

“Бул белгисиз адамдар шайлоого келгендерди тизме боюнча тактап, текшерип жатыптыр. Биз барып, ким экенин тактоого аракет кылганда өзүн “домкоммун” деп тааныштырды. Муну көргөн беш-алты адам келип, операторду коркутуп, камераны алууга аракет кылышты”-деди Алтымышбаева.

Журналист бул окуя боюнча күч органдарына кайрылуу боюнча НТС каналынын жетекчилиги менен кеңешип, чечим кабыл алынарын кошумчалады.

Бүгүн Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо өтүп жатат.