Нуркан Турсунбаевди өлтүрүүгө буйрутма алды деген шектүү кармалды

923

Эмгек сиңирген артист Нуркан Турсунбаевди өлтүрүүгө буйрутма алган адам кармалды. Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай киллер кызматын 10 миң долларга баалаган.

Буга чейин эмгек сиңирген артист Нуркан Турсунбаевдин жубайы, анын жолдошун өлтүрүүгө маданияттын эмгек сиңирген ишмери буйрутма бергенин билдирген болчу. Эки тараптын ортосунда Мамлекеттик сыйлыкка байланыштуу чыр чыкканы айтылууда.

Нуркан Турсунбаев анын көзүн тазалоого буйрутма түшкөнү тууралуу тартип сакчыларына арыз менен кайрылып октябрь айында “адам өлтүрүүгө” даярдануу боюнча кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу негизги күбө катары бир жаран суракка алынып ал эки адам Турсунбаевди өлтүрүү үчүн 10 миң доллар сунуштап, миң долларын таштап кеткенин айтып берген.

Бирок кийин ал тергөөдөн качып, дайынын таптырбай кеткендиктен издөө жарыяланат. Ал колго түшүп, эки айга камакка алынды. Ал эми буйрутма бергендер азырынча кармала элек.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.