Ө. Бабанов «бийликти басып алууга даярдык көргөн» деген айыптоону четке какты

723

Жогорку Кенештин мурдагы депутаты, ага карата козголгон дагы бир кылмыш иши боюнча Кыргызстан элине билдирүү жасады. Улуттук коопсуздук комитети Канат Исаев жана аны менен кошо кармалган үч адамдын иши боюнча маалымат таратып, Өмүрбек Бабановго карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» жана «массалык башаламандыкты уюштуруу» фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөнүн кабарлаган.