Ө. Бабановдун экономика жаатындагы сунуштар адистерге жакты (видео)

633

Токтоолук, саясий көз караштардын бышып жетилүүсү жана экономиканы өнүктүрүүдөгү көрөгөчтүгү. Өмүрбек Бабановдун интервьюсуна саясатчылар, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер дал ушундай баа беришүүдө.

1,5 жылдан бери тышта жүргөн Өмүрбек Бабановдун көп суроолорго ачык жана так жооп бергени коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Өзгөчө, анын экономика жаатында айткан сунуштары, Россиядагы “Сколково” инновациялык борборун мисал катары келтиргени адистерге жаккан.