Ө. Текебаев менен А. Шыкмаматовдун чыры эмнеден чыкты? (видео)

11180

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясында күтүүсүз окуялар болду. Бир күн ичинде эле саясий бирикменин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын ташырып, анын ордуна тизмеде кийинки кезекте турган адамга мандат берилди.

Фракция мүчөлөрү чогулуп, жаңы жетекчи шайлап алышты. «Ата Мекен» партиясында мындай кескин бурулушту жасаган Алмамбет Шыкмаматов болсо, бул кадамын Өмүрбек Текебаев менен пикир келише албай койдум деп түшүндүрүп, социалисттердин катарынан чыкканын жар салды. Бирок башкы ата мекенчи Шыкмаматовдун арызын кабыл алуудан баш тартты.