Обсервациядан кайра отелге айланган Ак-Кеме (видео)

2741

Бишкектеги Ак-Кеме мейманкасына байланыштуу соттук териштирүүлөр аягына чыга элек. Финансы министрлиги түркиялык жана малайзиялык компаниялар менен соттошуп жатканы белгилүү болду.

6 жыл мурда мамлекеттин карамагына өткөн Ак-Кеме отели азыр капиталдык ремонтко муктаж. Ошондой эле, 10 миллион сомго жеткен коммуналдык төлөмдөрү боюнча карыздары бар. Учурда чет өлкөдөн келген студенттер жашап жаткан мейманкананын абалы кандай?