Өгөй атасы 17 жаштагы кызын зордуктады деп шектелүүдө (видео)

673

Чүй областында 19 жаштагы кызды зордуктоого жездеси шектелүүдө. Жабырлануучу билдиргендей, бир тууган эжесинин күйөөсү май айынан бери ыплас жоруктарга барып жүргөн. Бирок кыз бул тууралуу кимдир бирөөлөргө айтуудан коркуп келген.

Жарым жылдан кийин гана укук коргоо органдарына кайрылган. 6 күн мурда Жалал-Абадда дагы өгөй атасы 17 жаштагы кызын зордуктады деген шек менен кармалды. Адистердин айтымында, өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын саны өсүүдө. Буга мыйзамдардын алешемдиги себеппи?