Өгөй балдарын сабаган чоң муштумду аялы коргоп жатат (видео)

1115

Жубайын кордоп, өгөй балдарын мыкаачылык менен сабаган адам камакка алынды. Анын бул зөөкүрлүгүнөн кийин, ур-токмокко алуу менен денесине жана психикасына залал келтирген деген берененин негизинде кылмыш иши козголду. Эске салсак, кечээ кечинде Сокулук районунун тургуну үйүнө мас болуп келип, жубайын жана кичинекей балдарын аоёсуз сабап салган. Анын кесепетинен балдар оор жаракат алып, жергиликтүү аймактык бейтапканага жеткирилген. Учурда бул үй-бүлө материалдык жардамга муктаж. Оор кырдаалга кабылып, бараар жери жоктугун айткан жаш келин, зөөкүр күйөөсүн кечирүүгө даяр экенин билдирүүдө.