Өгөйлөнгөн Жогорку Орок жаңы конушу (видео)

1115

Жогорку Орок жаңы конушунун жергиликтүү эли 18 жылдан бери жарык, жол жана суусуз күн өткөрүп келет. Аталган айыл Бишкек шаарынан болгону 5 чакырым алыстыкта жайгашса да, эли байыркы замандагыдай от жагып, тамак бышырып, самоор кайнатып, чай ичишет. Жол салынбаганына байланыштуу Жогорку Ороктун жашоочулары баткак кечкен бойдон шаарга келишет.

Айрым учурда коомдук транспорттун айдоочулары аларды салбай кетет экен. Жогорку Орокко 2001-жылы жаңы конуш макамы берилеген. Ошол күндөн тарта элеттиктер салык төлөп келе жатат. Бирок айылдын өнүгүүсүнөн дайын жок.