ОИИБ: Дурбек Алимжановдун айткандары боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө

1195

Ош областынын Ички иштер башкармалыгы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдогону үчүн ур-токмокко алынып, кыйноого кабылган Дурбек Алимжановдун айткандары боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу басма-сөз кызматынан кабарлашты. Азырынча тартип сакчылары Алимжанов менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын айтышкан.

Кечээ күнү коомчулукка кайрылуу жасаган Ош шаарынын тургуну Дурбек Алимжанов өз коопсуздугу үчүн жанына телефон албай, жашырынып жүрүүгө мажбур болуп жатканын билдирген. Анткени аны төрт саат бою кыйноого алып, көк-ала кылып сабагандар өлкө аймагынан чыгып кетүүгө бир сутка убакыт беришкен. Болбосо өзү жана үй-бүлөсү катуу жабыркаары эскертилген.

Кечээ күнү Ош шаарынын тургуну, жеке ишкер Дурбек Алимжанов билдирүү жасап, Өмүрбек Бабановду колдогону үчүн беш киши тарабынан катуу сабалганын айткан. Ошондой эле, алар Алимжановду массалык башаламандык уюштурууга талапкерден ири суммадагы акча алдым деп кыйнап сүйлөтүп, телефонго тартып алышкан. Жабырлануучу эс учуна келген соң, кырдаалды дароо коомчулукка жеткирүүгө аракет кылган.