Ок аткан өзбек чек арачыларына кылмыш иши козголду (видео)

1099

Аксы райондук ички иштер бөлүмү Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын жаранын атып салган окуя боюнча «киши өлтүрүү» беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду. 7-апрель күнү 34 жаштагы жаран Фархад Мырзакалыковго Мамай айылында ок атылган. Бул окуяга байланыштуу бүгүн эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын башчылары жеринде жолугушту. Анда тараптар чектеш аймактардагы эрежелер толук аткарылбай жатканын, макулдашууларды дагы бир ирет карап чыгуу зарыл экенин белгилешти. Ал эми Бишкекте бүгүн жарандык активисттер Өзбекстандын элчилигинин алдына чогулуп, кошуна өлкөнүн президентинен жай тургунду атып өлтүргөн чек арачыга карата чара көрүүнү суранышты.