ӨКМ Бишкек-Ош жолунда мерт кеткендердин тизмесин жарыялады

860

Бишкек-Ош автожолунун 457-чакырымында, Таш-Көмүр шаарынын тушунда болгон кырсыктан каза тапкандардын тизмеси такталды. Алардын аты-жөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарыялады:.

1. Ош облусунун Өзгөн районунун 23 жаштагы тургуну Камалдин Кадыржанов;

2. Ош облусунун Өзгөн районунун 29 жаштагы тургуну Фахриддин Каманинович Абдувалиев;

3. Ош облусунун Өзгөн районунун 28 жаштагы тургуну Хусниддин Жамалинович Абдувалиев;

4. Ош облусунун Өзгөн районунун 23 жаштагы тургуну Кадыржан Адылисанович Навижанов;

5. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Аксы айылынын 40 жаштагы тургуну Куштарбек Өзбекович Шабданов;

6. Ош облусунун Өзгөн районунун 23 жаштагы тургуну Барнохан Жатамжановна Аширова;

7. Ош облусунун Өзгөн районунун 28 жаштагы тургуну Акмолжан Махмуджанович Разакулов;

8. 22 жаштагы Расулжан кызы Наврузхан, калган маалымат такталууда;

9. 23 жаштагы Кадыржан Абдыкалыкович Мамаджанов, калган маалымат такталууда;

10. Бир жарандын өздүгү такталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Honda Stepwgn автоунаасы менен газ ташып бараткан «МАН» автоунаасынын кагылышуусунан он киши набыт болду. Арасында алты айлык наристе бар. Сегиз адам ошол жерден жан берген, экөө ооруканадан каза тапты.

Өлгөндөрдүн сөөктөрү Таш-Көмүр шаарындагы өлүкканага жеткирилген.

Бишкек-Ош жолунда автокырсык көп катталат. Жол кыймылын көзөмөлдөөчү мамлекеттик кайгуул-күзөт башкармалыгынын маалыматы боюнча, буга негизинен айдоочулардын жол эрежесин сактабаганы, көбүнчө ылдамдыкты ашыра айдоосу себеп болот.