ӨКМ: Чаткал дарыясынын жээгинен белгисиз адамдын сөөгү табылды

4252

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. «25-августта Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ак-Таш айыл аймагынын Кызыл-Алма тилкесинде Чаткал дарыясынын жээгинде белгисиз адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, болжол менен 25-30 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.