ӨКМ: Кара-Көл шаарындагы 174 турак жай суу каптоо коркунучунда турат

1456

Өлкөнүн түштүгүндө табият кырсыктары токтой элек. Кечээ Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо жана Ак-жар айыл аймагында сел жүрүп, бир нече турак-жайдын жер төлөөсүнө суу толуп калган.

Ошондой эле, Ак-Кыя айылына бара турган жолду дагы сел бузуп кетти. Алдын-ала маалыматтар боюнча, адамдар жабыркаган жок. Жарандык коргонуу комиссиясы кырсык болгон жерлерде тактоо иштерин жүргүздү. Ал эми селдин кесепеттерин жоюу менен тургундар өздөрү алпурушууда.

Ош областынын Ноокат районунда кечээ сел жүрүп, Караван — Тоо-Моюн жолун кокту-колоттон агып келген таш аралаш суу каптаган. Быйыл жаз жаанчыл болгондуктан, өлкөнүн түштүгүндөгү көп аймактарда сел жүрүп, эгин талааларын, турак-жайларды, жолдорду каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында азыр 174 турак жай суу каптоо коркунучунда турганын билдирди.