ӨКМ: Кыргызстанда үшүк жүрүшү күтүлүүдө

724

7-8-апрель күндөрү өлкө аймагында үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Талас областынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын тоо этектериндеги райондорунда жана Ысык-Көл аймагынын чыгышында абанын температурасы -3 градуска чейин түшүп, үшүк жүрөт.

Адистердин билдирүүсүнө караганда, мындай аба-ырайы, өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

Ал эми бүгүн-эртең Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо болсо кар жаайт деп эскертилүүдө. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир аймактарда секундасына 15-20 метрге жетип, абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.