ӨКМ “Кырсыктардын тобокелин кыскартуу” айлыгын өткөрүүдө (видео)

770

Өз өмүрлөрүн тобокелге салып, кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандар арбын. Бул тууралуу кабарлаган Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүт өлкө боюнча “Кырсыктардын тобокелин кыскартуу” айлыгын өткөрүүдө. Ал 5-октябрга чейин Кыргызстандын бардык аймактарын камтыйт. Анын жүрүшүндө жарандар да ар кандай Өзгөчө кырдаалдарда кол кабыш кылууга үйрөнүп жатышат.

Ошондой эле, мектеп окуучуларына өрт учурунда кандай аракеттерди көрүп, адам сууга чөгүп бара жатканда кандай жардам көрсөтүү керектиги тууралуу маалыматтар берилди. Мындан тышкары, куткаруучулар алардын жумушундагы эң оор учурлар тууралуу да айтып беришти.