ӨКМ кызматкерлери мамлекетке 3 млн сомго жакын зыян келтирген

859

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде тендер өткөрүүдө мыйзам бузууга жол берилип, мамлекетке 3 миллион сомго жакын зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, 2016-жылы мекеме Жалал-Абад областындагы Кара-Үңкүр-Сай суусуна дамба орнотуу үчүн тендер өткөрүп, андан бир компания жеңип чыгат. Бирок конкурстук комиссия өз кызыкчылыгы үчүн утуп алган ишкананы башка фирманын пайдасы үчүн келишимден баш тартууга мажбур кылганы аныкталат. Андан соң, талаптары туура келбеген жана кымбат акы сураган компанияга дамба орнотууга уруксат берилет. Мунун кесепетинен, мамлекетке 2 миллион 701 миң сом зыян келтирилген.

Бул фактыга байланыштуу Башкы прокуратура Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине тендерлерди өткөрүү тартибин бузуу, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүү беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.