ӨКМ: Малчыларды кооптуу аймактан көчүрүү иш-чаралары улантылууда

769

Өлкөнүн бир катар тоолуу аймактарында калың жааган кар жайлоодон көчүп келе элек малчыларга бир топ түйшүк жаратты. Нарындагы Ой-Кайың жайлоосунда 10 чабан мал жандыктары менен калып калышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлагандай, малчыларды жакага түшүрүү үчүн куткаруучулар, милиция кызматкерлери, тез жардам кызматынан, мал доктурлар болуп — жалпысынан 10 киши тартылган. Баргандар 4 малчыны аман-эсен кыштоого түшүрүшкөн.

Ал эми Суусамыр өрөөнүндөгү Сандык жайлоосунан 3500 баш кой менен 5 чабан көчүрүлүп келген. Ошол эле күнү дагы 500 баш кой, 4 жылкыны ылдыйга түшүрүп бараткан учурда 200 баш кой жана 4 жылкы Сокулук ашуусунда тоңуп калган.

300 баш кой Сокулук районунун Төш-Булак айылына жеткирилди. Буга чейин 9-сентябрда калың жааган кардан улам Суусамыр өрөөнүнүн Сандык, Сулуу-Төр, Тегерек-Кайың, Арамза жайлоолорундагы малчылар ал жактан көчүрүлүп жаткандыгы кабарланган. 2 күндөн кийин Сандык жайлоосундагы чабандардын боз үйлөрү, тиричилик буюмдары алып келинген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.