ӨКМ: Өлкөнүн айрым аймактарында сууктун күчү -40 градуска чейин жетет

724

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды 26-январдан 29уна чейин узак жолго чыгуудан карманууга чакырат. Эске салсак, кечээ күнү мекеме шашылыш билдирүү таратып, анда ушул жума күнүнөн тарта абанын температурасы кескин төмөндөп, айрым аймактарда 30 градуска чейин суук болушу күтүлүп жатканы кабарланган.

Ага ылайык, бийик тоолуу райондордо сууктун күчү -35-40 градуска чейин жетээри күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Адистердин айтымында, суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Буга байланыштуу кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдар жаралса, жарандар 112 кызматына чалуулары зарыл.

Ошол эле убакта, Билим берүү жана илим министрлиги мектеп жетекчилерине класстардагы абанын температурасын маал-маалы менен өлчөп, окуучулардын саламаттыгы жөнүндө улам маалымдап турууга буйрук бергени белгилүү болду.