ӨКМ: Шашылыш билдирүү!

841

Алдыдагы 2 күндө өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, жайлоолордо жамгыр карга айланышы мүмкүн. Ошондой эле, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында арбын жаан-чачын жаашы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Ошондой эле, нөшөрлүү жаанга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын тоолуу жерлеринде жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.