ӨКМ: тоолуу жолдорго кар көчкү түшүшү мүмкүн

1161

Кыргызстанда 3-февралдан 5-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан карга байланыштуу тоолуу райондордо көчкү жүрүү коркунучу сакталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка караганда, бул мезгил аралыгында Бишкек-Ош жолунун 198-265 чакырымдарында жайгашкан Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында, Тамчы участогунун 74-78 чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тайгак жана кар күрткү болот.

Айдоочуларга автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.