ӨКМдин айрым кызматкерлерине карата кылмыш иш козголду

1201

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым кызматкерлерине карата кылмыш иш козголду. Башкы прокуратура кабарлагандай, козголгон кылмыш ишинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сатып алуулар бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери күйүүчү май ташыган ишкана боюнча тендерди мыйзам бузуу менен жүргүзгөнү белгиленген.

Натыйжада дизелдик күйүүчү май кымбат баада сатылып алынып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган. Мындан тышкары, келишимде акчаны алдын ала төлөө тууралуу талап болбосо деле, тандалып алынган ишканага 8 миллион сом эртелеп которулган.

Андан бери 5 ай өтсө дагы 3 миллион сомдук дизелдик отун келе электиги белгиленген. Бул фактыга байланыштуу, «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүү» деген беренелери боюнча кылмыш-иши ачылды.