ӨКМдин кызматкерлери айлыгын көтөрүүнү талап кылып чыгышты

711

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн элүүдөн ашуун кызматкери маяналарын көтөрүүнү талап кылып чыгышты. Бул тууралуу борбор калаадагы өрткө каршы күрөш бөлүмүнүн атын атабаган кызматкерлери кабарлашты.

Министрликтин башкы мекемесине бүгүн чогулгандар иш түйшүктүү экенине карабай, маяна жетишсиз экенине даттанышкан. Алар ошондой эле зыяндуулук үчүн жана сыр сактоо үчүн кошумча берилчү акыларга да ээ болбой жатканына нааразы болуп, ал суммаларды өз убагында берүүнү талап кылышкан. Кээ бирлери пенсиясы боюнча кыйынчылыктарын ортого салышкан.

Бул тууралуу кабарды ӨКМдин басма сөз катчысы Элмира Шерипова да «Азаттыкка» ырастап, кызматкерлер митингге чыкпаганын, жөн гана жетекчиликтен маалымат алганы келишкенин билдирди. Анын айтымында, аларды өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өзү кабыл алып, маселелерин чогуу талкуулады. Алар талап кылган жагдайлардын мыйзамга шайкеш келген жагдайлары кызматкерлерге түшүндүрүлүп, жөндүү талаптары иликтөө тапшырылды.

Министрликтен алынган маалыматка караганда, ӨКМдин кызматкерлери ээлеген кызматына жараша 8 миң сомдон жогору маяна алышат. Ага ар кайсы жүйөлөр менен дагы сумма кошулуп берилет.