Өкмөт 2 млрд сомго өсүмдүк май жана дизель сатып алат (видео)

2987

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 12 миң 500 тонна кумшекер, 5 миң тонна өсүмдүк майын жана ушундай эле көлөмдө дизелдик отунун сатып алат. Бул үчүн республикалык бюджеттен 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү. Учурда товар жеткирүүчү компаниялардын арасында конкурс жарыялангандыгы белгилүү болду.

Ал арада мекеме жер-жерлерге кумшекер менен өсүмдүк майын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бекитип берген баадан 5 сомго кымбат жеткирип баштады. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү азык-түлүктөрдүн арзан баада элге жетишин көзөмөлгө алуу мүмкүн эместигин айтышууда. Тиешелүү өндүрүмдөрдү элге жеткирүү жана анын сатылышын көзөмөлдөө жергиликтүү бийлик органдарына жүктөлгөн.