Өкмөт 2019, 2020, 2021-жылдарга карата бюджеттин долбоорун сунуштады

880

Өкмөт 2019-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2020-2021-жылдарга болжолун жарыялады. Маалымыматка ылайык, келерки жылдын бюджети 2018-жылга салыштырмалуу 28 миллиардга көп деп пландалууда.

Финансы министри Адылбек Касымалиевге таянып келтирилген маалыматта, республикалык бюджеттин киреше өлчөмү 2019-жылы – 168 млрд. 308 млн. сомду, 2020-жылы – 175 млрд. 881 млн. сомду жана 2021-жылы 182 млрд. сомду түзөт деп болжолдонууда.

2019-жылы ички дүң өндүрүмүнүн өсүшү – 4,0% (же номиналдык көрсөткүчтө 604 млрд. 707,4 млн. сом), 2020-жылы ички дүң өндүрүмүнүн өсүшү – 4,4% деңгээлди (же 667 млрд. 78,8 млн. сом), 2021-жылы 4,2% (736 млрд. 239 млн. сом) түзөт деп мерчемделген.

Келерки үч жылга карата бюджеттин планы 26-сентябрда өкмөттүн атайын кеңешмесинде каралган.

Маалым болгондой, Кыргызстандын 2018-жылкы бюджетинин кирешеси 140,8 млрд. сомго жетет деп мерчемделген, ал эми чыгаша 161,1 млрд. сом деп каралган.