Өкмөт 30 гектар жерди министрликтерге берүүнү туура көрдү (видео)

1315

Бишкекте министрликтер орун алган 30 гектарлык административдик шаарча пайда болот. Ал футбол стадионун курууга берилген аянтка салынганы турат. Антпесе мамлекеттик органдар шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкандыктан унаа кыймылына тоскоолдук жаратып, экологияга терс таасирин тийгизип жатыптыр.
Былтыр Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын Азия Кубогунда жараткан ийгилигине кубанган спорт сүйүүчүлөр Бишкек шаарына заманбап стадион курууну талап кылышкан. Ошол кезде өкмөт бул маселени чечип берүүнү убадалаган. Эми жаңы футбол стадионунун тагдыры эмне болот?