Өкмөт «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыра алабы? (видео)

878

Өкмөттүн «Акылдуу шаар» долбоорун өз алдынча ишке ашырууга алы жетеби? Эгер мындай мүмкүнчүлүк болсо, эмнеге кытайлык Хуавей компаниясы менен келишим түзүп, эки айды текке кетирди? Министрлер кабинети келишимден бир тараптуу чыккандан кийин коомчулукта суроолор көбөйүүдө. Эксперттердин айтымында, «Акылдуу шаар» долбоорун мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасынын негизинде ишке ашырса болот. Ал үчүн бир эле эмес, бир нече компанияны тартуу зарыл. Эми бул жаатта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү убакытты талап кылат. Андыктан «Акылдуу шаар» жакын арада иштей башташы күмөн.