Өкмөт башчысы айрым министрлерге сөгүш жарыялады

778

Евразиялык экономикалык биримдиктин Бажы кодексин ратификациялоо боюнча өз милдетин так аткарган жок» деген негиз менен бир топ министрлерге сөгүш жарыяланды. Өкмөт башчынын буйругуна ылайык, экономика министри Артем Новиковго жана бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго сөгүш, экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаевге, бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш жарыяланды. Ошону менен катар өкмөттүн аппаратынын айрым кызматкерлери иштен алынды.

Эске салсак, 30-декабрда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексине президенттин каршы пикири жөнүндө мыйзам долбоорун кайра карашкан. Ал документ 3 күн мурда, тактап айтканда 27-декабрда ратификациялаган болчу. Анда «кодекске президент кол койгон соң 15 күндөн кийин күчүнө кирет» деп көрсөтүлүп калган. Бирок Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси, ага кирген бардык өлкөлөрдө 1-январдан тартып күчүнө кириши керек.

Дал ушул катаны оңдош үчүн парламент кезексиз жыйынга чогулган. Буга нааразы болгон эл өкүлдөрү бул катаны кетирген жооптуу кызматкерлерге карата тиешелүү чара көрүүнү талап кылышкан.