Өкмөт: Бензин тартыш болот деп кооптонууга негиз жок (видео)

709

Жакын арада бензин кымбаттабайт. Себеби мунайды пошлинасыз ташып келүү боюнча расмий Бишкектин Москва менен сүйлөшүүлөрү жемиштүү болду. Эми келишимге кол коюлат экен. Эгерде сүйлөшүүлөр оңунан чыкпаганда, бензиндин баасы 2-3 сомго чейин кымбаттамак экен.

Күйүүчү май ташып иштеген аймактагы компаниялардын өкүлдөрү президентке кайрылып, мунай заттарын Казакстандан ташып келүүнүн жолун дагы жеңилдетүүнү өтүнүшкөн. Алар муну менен Россиядан келген майдын тартыштыгын жойсо болоорун айтышууда. Өкмөт өкүлдөрү учурда бензин тартыш болот деп кооптонууга негиз жок экенин айтышууда.