Өкмөт быйыл иштетүү үчүн 5 кенге сынак жарыялайт

3073

Өкмөт быйыл 5 кенди иштетүүгө сынак жарыялоосу пландалууда. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжайдагы сурьма, Ноокат районундагы гипс, Туюк-Каргаш, Тегене жана Сүлүктүдөгү «Поле 11» көмүр кени сынак аркылуу өндүрүшкө киргизилет. Мындан сырткары, кен байлыктарды казуу үчүн 20 аукцион өткөрүү пландалыптыр.

Ал эми өткөн жылы 10 аукцион уюштурулуп, анын негизинде өлкө казынасына 628 миң долларга жакын же 44 миллион сом түшкөн. Тиешелүү талапка ылайык, сынактар негизинен чоңураак кендерге жарыяланат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.