Өкмөт депутаттардан тил укканы калды (видео)

941

Өкмөттүн курамында өзгөрүүлөр болобу? Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы жакшы күрөшпөй жаткан органдарды атап, жетекчилерине карата чара көрүүнү сунуштады. Азырынча 5 мекеменин ишине нааразычылыктар бар. Бирок бул жемкорлукка каршы күрөшүү жаатында эле. Мамлекеттик мекемелердин жалпы жасаган ишине ичи чыкпаган эл өкүлдөрү да көбөйүүдө. Өкмөт жакынкы күндөрү Жогорку Кеңешке жылдык отчету менен келгени турат. Депутаттар суроолорун эмитеден даярдап, талкуу кызуу болот деп күтүлүүдө.