Өкмөт Энергетика министрлигин кайра түзбөй турган болду

8613

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында айтты. Аткаминердин айтымында, «Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясы жоюлбайт, бирок энергетикадагы саясатты өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет жүргүзөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл жаз айларында Энергетика министрлигин кайра түзүү демилгеси бир нече ирет көтөрүлүп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мекеме кайра пайда болушу мүмкүн деп айткан. А түгүл, бул маселени талдоо үчүн 14 кишиден турган мекеме аралык комиссия түзүлгөн. Кубатбек Бороновдун айтымында, дал ошол комиссия министрликти кайра түзбөй эле коюу чечимин кабыл алган.

2015-жылдын аягында Энергетика министрлиги жоюлуп, анын ордуна «Улуттук энергохолдинг» компаниясы түзүлгөн. Ал холдингге тармактагы бардык мамлекеттик компаниялар жана башка акционердик коомдор баш ийет. Бирок «Улуттук энергохолдингтин» ишинен майнап чыкпай, тармак өнүкпөй жатканын айткандар арбын.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.