Өкмөт Энергетика министрлигин калыбына келтирүүдөн баш тартты

846

Бул тууралуу парламенттин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, алгач министрликти кайрадан түзүү демилгеси болгон. Бирок көп суроолор жаралгандыктан, азырынча энергохолдинг иштей берсин деген чечимге келишкен.

2016-жылы энергетика министрлиги жоюлуп, “Улуттук энергохолдинг” түзүлгөн. Анын биринчи жетекчиси Айбек Калиев азыр камакта. Анын ордуна быйыл апрель айында Азамат Абдыкадыров дайындалган.

Учурда мекемеде 49 адам иштеп, алардын маянасына жылына 48 миллион сом сарпталат экен. Ал эми жетекчиси Абдыкадыровдун айлыгы 100 миң сомго чейин жетээрин аткаминер өзү ачыктады.