Өкмөт ички каттамдар үчүн эки учак сатып алат

856

Бул тууралуу Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев азырынча алына турган учактын үлгүсү менен суммасы аныктала электигин билдирди. «Учак сатып алуу сунушу бар. Бул боюнча чечимди өкмөт эки айдын ичинде кабыл алат», — деди Акышев.

Биринчи вице-премьердин катышуусунда өтүп жаткан тармактык комитетте «Эйр Кыргызстан» компаниясынын азыркы абалы талкууланууда. Буга чейин компаниянын акцияларынын 49 % өкмөттүн чечими менен сатыкка коюлган. Мамлекеттик мүлк фонду «мамлекеттик жалгыз авиакомпаниянын абалы оор» деп, абалдан ишкананы менчиктештирүү же авиациясы өнүккөн өлкөлөргө сатуу аркылуу чыгууну сунуш кылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.