Өкмөт көмүрдүн баасын ооздуктай албай жатат (видео)

1986

Бишкек шаарында көмүр арзандабай жатат. Учурда кара отун саткан жайларда бир тонна көмүрдүн наркы 5500 сомдон болууда. Тандалган көмүр андан дагы кымбат. 10 күн мурда министрлер кабинети Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине тапшырма берип, Бишкек шаарында кара алтындын баасы 4500 сом деп бекитилген.

Аны сактабагандар 3 миң сомдон 17 миң сомго чейин айып пулга жыгыла турганы да эскертилген. Бирок бул талапты көпчүлүк отун базалары аткарбай келет. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен аларга каршы рейд уюштуруп жаткандарын айтышууда. Бир жумада эле бааны негизсиз көтөргөн 11 соодагерге эскертүү берилип, штраф салынган.