Өкмөт коррупцияга жол берген токтом чыгарды (видео)

911

Көп кабаттуу турак-жай ээлерине имараттын жанындагы жер тилкелерин өздөрүнө каттатууга тыюу салынды. Мындай чектөө 2020-жылга чейин киргизилген. Муну өкмөт мүчөлөрү шаардын башкы жана деталдык пландарын иштеп чыкканга чейин деп түшүндүрүүдө. Бирок жарандык активисттер бул турак-жай ээлеринин конституциялык укугун бузуу деп эсептейт. Андыктан алар өкмөт башчыга жана башкы прокуратурага бул токтомдун мыйзамдуулугун текшерүү үчүн кат жолдогон.