Өкмөт күйүүчү майды темир жол менен ташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгат

922

Министрлер кабинети күйүүчү майды темир жол менен ташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгат. Бул маселе кечээ өкмөттө Бишкек-Ош жолундагы автоунаа кырсыктары талкууланган отурумда көтөрүлдү.

Анда тиешелүү мекеме жетекчилерине, өлкөнүн түштүгүнө күйүүчү майды темир жол аркылуу жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгып, бул боюнча Өзбекстан менен кызматташуу тапшырмасы берилди. Буга акыркы убактарда жолдо күйүүчү май ташыган унаалар катышкан кырсыктардын көбөйүшү себеп болууда.

Эске салсак, 20-январь күнү Бишкек-Ош жолунун 264-чакырымында дизель ташыган автоунаа дарыяга кулап, бир адам каза болуп, эки киши жабыркаган. Андагы 38 тонна майдын бир бөлүгү Чычкан суусуна агып, бир нече балык чарбасында тонналаган балыктар кырылган.

Тиешелүү мекеме өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, акыркы бир айга жакын убакытта эле күйүүчү май ташыган унаа катышкан 5 жол кырсыгы катталган. Аларда 5 киши каза таап, 10дой адам жаракат алган.