Өкмөт “Лигласс Трейдинг” компаниясы менен келишимди токтотушу керек

923

Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев айтып чыкты. Ал дүйнөлүк медиа каражаттары кыргыз өкмөтү ГЭС куруу боюнча тажрыйбасы жок, банктагы каражаттары шек туудурган чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясы менен келишим түзгөнүн жазып жатышканын белгилеп, келишимди чукул арада токтотууну талап кылды.

Анын пикирин депутат Курманкул Зулушев улап, тендер шашылыш жана мыйзамсыз өткөнүнө токтолду. Эске салсак, чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана он чакан ГЭСти куруу боюнча конкурсту утуп алган. Келишимге быйыл 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү кол коюшкан.

Кийинчерээк чехиялык басылмалар ал ишкана шектүү экени тууралуу макалаларды жарыялашкан. Бирок өкмөт аталган компания келишимди аткарарына ишеним артаарын дайыма айтып келет.