Өкмөт мүчөлөрү менен депутаттар улак тартышта беттешет

1144

23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата өкмөт мүчөлөрү менен депутаттар улак тартышта беттешишет. Иш-чара ишемби күнү Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданында өткөрүлүп, турнирге аткаминерлерден жана парламентарийлерден куралган командалар да катышмакчы.

Көк бөрүгө жалпысынан 4 команда катышып, калган эки тайпа журналисттер менен спорт агенттигинин өкүлдөрүнөн куралары белгиленүүдө.

Бул мелдешти депутат Канатбек Исаев демилгелеп, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Көк бөрү федерациясы уюштурууда. Оюн 23-февралда саат 10.00дө башталат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.