Өкмөт: өзгөчө режим киргизүүгө арызынча негиз жок (видео)

3646

Коронавирус илдети өлкөнүн башка аймактарына тарап кетүүсүнүн алдын алуу үчүн Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыялоо керекпи? Бул маселе Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары тарабынан көтөрүлүп, кызуу талкууланды.

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, мындай өзгөчө режим киргизүүгө арызынча негиз жок. Ал эми айрым депутаттар болсо Кыргызстандагы ар бир райондо эпидемияга каршы күрөшө турган комиссияларды түзүп, айылдарда комменданттар шайланышы керек деген сунуштарын беришүүдө.