Өкмөт “РусГидро” компаниясына 37 млн доллар төлөмөй болду (видео)

3658

Кыргызстан Жогорку Нарын каскадынын курулушундагы чыр боюнча Россиянын “РусГидро” компаниясы менен бир пикирге келди. Анда кыргыз тарап чет элдик ишканага 37 миллион доллар төлөп бермей болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергетика тармагына арналган улуттук форумда билдирди.

Ошондой эле, өткөн айда үзгүлтүккө учураган электр энергиясын импорттоо иштери калыбына келгени да белгиленди. Учурда өлкө Түркмөнстан менен Казакстандан электр энергиясын алууда. Бул жаатта бюджеттен кошумча 1 миллиард 254 миллион сом бөлүнгөн. Бирок ага карабастан айрым аймактарда өчүрүүлөр болуп жатканын айтып, арыздангандар бар.