Өкмөт: Солтон-Сарыдагы маселе жергиликтүү элдин кеңеши менен чечилет

713

Солтон-Сары алтын кенинин тагдыры жергиликтүү эл менен кеңешип чечилет. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында Нарын эли экологиялык туура маселе койгонун мойнуна алып, инвесторлорго 84 пункттан турган талаптар коюлганын ачыкка чыгарды. Алдыда аларды аткаруу милдети турганы айтылды.

Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенинин Бучук участогун иштетүү укугу 6 жыл мурда кытайлык «Zhong Ji Mining» компаниясына 20 жылга берилген. Бирок алтын кен иштеткен ишканага нааразы болгон 600-700гө жакын жергиликтүү жашоочулар жумушту токтотууну талап кылып, 5-августта нааразылык акциясына чыгышкан. Ошол эле күнү эки тараптын ортосунда чыр чыгып, 47 кытай жараны жана бир жергиликтүү тургун жабыркаган.

7-августта өкмөт компаниянын кендеги иши убактылуу токтогонун билдирген. Ал эми чогулгандар өкмөткө кайрылып, 5-августтагы окуя үчүн эч кимди камабоо, жалпы аймакта кен иштетүүгө мөөнөтсүз мораторий жарыялоо боюнча талаптарды коюшкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.