Өкмөт: суу менен электр энергияга болгон тариф кымбаттабайт

635

Өкмөт суу менен электр энергияга болгон тариф кымбаттайт деген маалыматты четке кагууда. Бул боюнча министрлер кабинети расмий билдирүү таратты.

Анда интернетте социалдык тармактарда суу менен электр жарыгынын наркы жогорулайт деген маалымат таратылып жатканы, бирок өкмөттө бул тууралуу демилге көтөрүлгөн жок деп айтылат.

Ошондой эле, пенсияга чыгуунун мөөнөтү жогорулатылат деген сөз дагы чындыкка коошпойт. Аткаруу бийлиги тарабынан таратылган кайрылууда жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылаары эскертилип, жарандарды чагымчыл аракеттерден алыс болууга чакырык ташталган.

Белгилей кетсек, буга чейин отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинин жооптуу кызматкерлери 2019-жылы электр жарыгына болгон жаңы тариф кабыл алынаарын айткан эле. Ошондой эле, Кыргызстанда айрым категориядагы адамдардын пенсияга чыгуу мөөнөтүн жогорулатуу каралып жатат деген дагы сөздөр тараган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.