Өкмөт түзүмү өзгөрүү алдында турат (видео)

770

Жаңы жылга чейин Туризм департаменти өз алдынча агенттик болуп түзүлөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди. Учурда тиешелүү токтомдун долбоору иштелип чыгып, мекеме, министрликтер ортосунда макулдашуу жүрүүдө.

Эскерте кетсек, Туризм департаменти азыр Маданият министрлигинин карамагында. Анда болгону 11 кызматкер иштеп, бюджети 7 миллион сомду түзөт. Бирок департаменттин мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Туристтерди тейлөөнүн сапатын текшере алышпайт. Департамент эгер «туризмдин өнүктүрүү агенттиги» болуп кайра түзүлсө, ал мекеме өлкөгө кандай пайда келтире алат?