Өкмөт үйдүн алдына митингге чыккан атанын маселеси чечилди (видео)

3635

Маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка ачыкталмайынча карапайым элдин маселеси чечилбейби? Бишкекте өкмөт үйдүн алдына митингге чыккан атанын кызы ооруканага жаткырылды. Муса Жаназаковдун айтымында, бул президенттик администрациянын кийлигишүүсүнөн кийин гана мүмкүн болгон. Бир ата-эне баласын ооруканага жаткыра албай кыйналса, кээ бирлери мектепке, бала бакчага киргизе албай убара.

Алардын бири Болотбек Исаков. Анын 7 жаштагы уулу мектепке бара албай жүрөт. Айласы кеткен ата журналисттерге кайрылып, көйгөйүн коомчулукка, жогору жакка жеткирүүнү өтүнгөн. Эл аралык уюмдардын маалыматында өлкө калкынын 60 пайызы мамлекеттик кызматтарды жетиштүү деңгээлде ала алышпайт.