Өкмөттө депутаттык мандаты бар аткаминер пайда болот (видео)

1006

Эки жумадан бери бош турган биринчи вице-премьер-министрлик кызматка депутат Аскарбек Шадиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул маселени Жогорку Кеңештеги тармактык комитет карап, бир добуштан жактырды. Эртең жалпы парламент колдоп берсе, Аскарбек Шадиев мындан ары бир эле учурда өкмөт мүчөсү дагы, депутат дагы боло алат. Анткени буга баш мыйзам жол берет. Бирок азыркыга чейин конституциядагы берененин ишке ашышын жөнгө салган мыйзам кабыл алына элек. Андыктан депутат өкмөт мүчөсү болгон маалда маянаны кайдан алаары, кайсы маселелерде добуш берүүгө укуктуу, ишеним кат бере алабы деген суроолор жоопсуз калууда.