Өкмөттө кадрлардын жарымы алмашат (видео)

763

Өкмөт начар иштеген аткаминерлерден арыла алабы? Депутаттар тарабынан бир гана «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилиги эмес, башка министрлерге карата да сындар көп айтылууда. Өткөн аптада парламенттин тармактык комитети эки министрди жумуштан алуу боюнча өкмөткө сунуш келтирген. Азырынча премьер-министр аларга карата чечим кабыл ала элек. Өкмөт мүчөлөрүнүн мыйзам долбоорлорун, айрыкча эл аралык маанидеги документтерди чийки, ката даярдап келиши эл өкүлдөрүнүн ачуусун келтирүүдө. Кыргызстан эки жолу эл аралык деңгээлде уят болуп кала жаздады.